Милицияны тезинен реформалоого чакырабыз

(Версия на русском языке здесь)

http://www.knews.kg/files/media/1/1338.jpg

Милицияны тезинен реформалоого чакырабыз

Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары, милицияны түп-тамырынан реформалоого тезинен киришүүсүн өлкө бийликтен талап кылабыз!

Калкыбыз погону бар адамдардан коркуп келишет, милицияга болгон ишеним деңгээли абдан төмөн.  Адамдарды зордоп кыйнагандыгы, адам кадырын тебелегендиги жана күнөөсүздөргө жалаа жаап иш козгоп келгендиги тууралуу фактырларды күн сайын жаңылыктардан угасың. Ал эми коррупция тууралуу жалкоо адам гана айтпаса керек.

Бул көрүнүштөр жөн гана жагдай эмес, алар системанын оорукчалдыгын, анын оор абалда тургандыгын далилдейт. Аны дарылоо үчүн бир гана жол бар: түп тамырынан баштап өзгөртө алган реформаларды ишке ашыруу.

Бийлик ээлеринин саясий эрктүүлүгүнөн көп нерсе көз каранды. Биз бир канча жолу бийликтин ички иштер органдарын кылмыштуулук менен күрөшүү жана коопсуздукту камсыздоонун натыйжалуу инструментине айландырабыз деген убадаларын угуп келдик, бирок реформага болгон аракеттер ишке ашкан жок. Айтылган сөз иш жүзүндө ашпады. Алдамчылык эми жетишет! Биз бийликтен өзүнүн убадаларын аткарууга жана эски милицияны заманбап полицияга айландырууну тезинен баштоосун талап кылабыз!

Бул процессте маанилүү ролду эл аралык уюмдар дагы ойношот, биз аларды бул маселеде принципиалдуу позицияны ээлөөгө чакырабыз. Эгерде реформа жөн гана алаксыткы имитациялык боло турган болсо, анда каржылоонун кереги жок!

Негизги басым мыйзамга кызмат кылган, коом алдында өзүнүн милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарган милициянын прогрессивдүү кызматкерлерине карата жасалышы керек. Сиздер – биздин негизги тилектешибизсиздер! Сиздерди милиция кызматкерлерине ички иштер бөлүмдөрүндө жакшы маанайдагы өзгөрүүлөрдүн демилгелүү жаратуучулары болушуңарды сунуш кылабыз. Сиздер дагы, биз дагы уят болбой турган жаңы полиция керек.

Жарандык коом ички иштер органдарынын өзгөрүүсүнө жардам берүү үчүн биригүүнү сунуштайбыз! Бул реформа силердин катышууңарсыз өтө албайт. Баарыбыз реформаларды ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенүүбүз керек.

“Реформа жана натыйжа үчүн” аттуу жарандык бирикме ИИМдин реформаларынын альтернативдүү концепциясын даярдап чыккан. Ал жердеги пикирлерге бийлик кулак төшөөсү керек деп ишенебиз.

Биз төмөнкү талаптарды колдойбуз:

-       Кызматкерлерди штаттан сырткары чыгарып, ачык жана адилеттүү конкурсту өткөрүү аркылуу кадрларды жаңылоо;

-       Андан соң, ИИБ кызматкерлерининин эмгек акыларын татыктуу деңгээлге жеткирүү;

-       Ачыктыкты жана айкындуулукту камсыздоо үчүн ИИМге жарандык башкарууну алып келүү;

-       ИИМдин үстүнөн контролдоонун чыныгы механизми катары жарандардан түзүлгөн көз карандысыз кеңештерди түзүү; Ички тергөө иштерин жүргүзүү үчүн полицияга көз карандысыз түзүмдү түзүү;

-       Полициянын ишин кеңири өлчөө үчүн калктын ишеним индексин негизги критерий катары алуу;

-       ИИМ Академиясы жаңылоо;

-       МАИ/Жол коопсуздук боюнча башкы башкармалыкты жоюу;

-       Принциптерди гана эмес, конкреттүү мехзанимдерди камтыган реформанын концепциясын колдоо.

Бардык стратегиялар мыйзам жана коомдун жыргалчылыгы үчүн кызмат кылган натыйжалуу полицияны куруу максатына жетүүгө багытталышы керек.

БИЗ ТҮП-ТАМЫРЫНАН БЕРИ РЕФОРМАЛООНУ ТАЛАП КЫЛАБЫЗ!

Кыргызстандын жарандары жана жарандык уюмдары

 

Ар бир адам бул петицияга бир гана жолу кол коё алат. Эгерде сиз орус тилиндеги петицияга кол койгон болсоңуз, бул жерге кол коюунун кажети жок.